Бүгүн Кыргызстандын мектептеринде акыркы коңгуроо жаңырды

Быйыл республика боюнча 92 миң окуучу 9-классты аяктап жатса, 62 миң окуучу 11-класстын бүтүрүүчүсү
  25.05.17   17:31
 111

Бүгүн, 25-майда Кыргызстандын мектептеринде акыркы коңгуроо салтанаты белгиленди. Быйыл республика боюнча 92 миң окуучу 9-классты аяктап жатса, 62 миң окуучу 11-класстын бүтүрүүчүсү. Ал эми Бишкекте 9-классты 1 миң 48 окуучу аяктап жатса, 11-класстын бүтүрүүчүлөрүнүн саны 5 миң 747ни түзөт.

"ВБ" акыркы коңгуроо салтанатын чагылдыруу максатында борбордогу мектептердин биринде болуп кайтты.

№4-орто мектеп акыркы коңгуроо салтанатында бүтүрүүчүлөргө ботко берип узатууну салтка айланткан. Алар акыркы сабактан чыккан соң, ашкананы көздөй багыт алышып, атайын даярдалган ботколорду жешти.

Андан соң салтанат биринчи классты аяктап жаткан бөбөктөрдүн бүтүрүүчүлөргө ант берүүсү менен коштолду. Алар мектепти аяктап жаткан ага-эжелеринен татыктуу үлгү алып, берилгендик менен билимге умтулууга ант беришти.

Салтанатта сөз сүйлөгөн мектеп директору, балдарды багып-өстүргөн ата-энелерге ден-соолук, кесиптештеринин ишине ийгилик каалап өттү.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/274656

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.