"Акыркы коңгуроо" рейди уюштурулуп, мыйзам бузуулар аныкталды

  25.05.17   18:04
 223

Бүгүн, 25 майда Бишкектин Патрулдук милиция башкармалыгы, жашы жете электердин ишин тескөөчү инспекторлор менен бирге "Акыркы коңгуроо" деген аталышта рейд уюштурду. Жыйынтыгында онго жакын унаа айып пул төлөөчү жайга токтотулду.

Жашы жете элек бүтүрүүчүлөр катарга тизилген унаалар кортежи менен келе жатып кармалышты. Мыйзамга ылайык кортеж 5 машинадан ашык болбоосу керек.

"Панорама" тоосуна бара жаткан жолдон инспекторлор 18 жаштагы айдоочуну токтотуп, текшерүүгө алышты. Ал айдоочулук күбөлүгү жок эле, үй бүлөсүнө таандык унааны айдап чыккан. Унаа айып пул төлөөчү жайга жеткирилди.

Аалы Токомбаев көчөсүнөн кармалган дагы бир бүтүрүүчү айыптан качуу аракетин көрдү. Кимдир бирөөнө телефон чалып, сүйлөшүү үчүн инспекторго сунду. Анын айдоочулук күбөлүгү алынып, убактылуу документ берилди.

Орто-Сай айылын көздөй багыт алган дагы 3 унаа дагы айып пул төлөөчү жайга жөнөтүлдү. Алардын биринин айдоочусу документтерин көрсөтүүдөн баш тартты. Дагы бири буга чейин жол эрежесин бузгандыгы үчүн документин алдырып, убактылуу айдоочулук күбөлүк менен жүргөн. Ал эми үчүнчүсүнүн документи жок болгон.

ИИМдин жашы жете электер менен иш алып баруу бөлүмүнүн башчысы Азамат Абдрахмановдун айтымында, ата-энелерге эскертүү берилгенине карабастан, мектеп окуучуларынын көбү унаа айдап чыккан.

"Балдардын коопсуздугу үчүн рейд улантыла берет. Бардык эс алуучу жайлар катуу көзөмөлгө алынган. Ата-энелерден кечкисин балдарын көзөмөлгө алууну суранам",- дейт Абдрахманов.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/274657

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.