Жапаров иш козголгондугу тууралуу интернет аркылуу кабардар болгондугун айтты

  30.05.17   18:04
 201

"Мурун чиновниктер отставкага кеткенин гезиттен окушса, эми интернет аркылуу билип жатабыз. Чакырып туруп деле иштин чоо жайын түшүндүрсө болмок. Эч ким эч жакка качып кеткен жок да". Өзүнө карат козголгон кылмыш иши боюнча "Бир Бол" фракциясынан депутат Акылбек Жапаров ушундай комментарий берди.

Анын айтымында, депутатты укук коргоо органдары чакырып, айыбын угузган эмес. Интернет булактарынан окуп, иш 2009-жылы ал экономика министри болуп турганда катталгандыгын түшүнгөн.

"Демократиянын принциптеринде камтылгандай, эгер соттук отурум ачык өтсө айыпталуучулар өздөрүнүн укугун коргой алат",- деди депутат.

Ал эми бюджеттик ссуда боюнча Жапаров төмөндөгүдөй пикирин билдирди.

"2009-жылы мен экономика министри болуп тургам. Бирок мыйзам боюнча ссуда бөлүп берүүдө, алгач маселе парламентте каралып, андан соң президент кол коет. Эгерде бардыгы процедура боюнча болсо, анда мыйзам бузулган эмес. Ал эми ссуда багытсыз пайдаланылгандыгы далилденсе, жоопкерчиликти жетекчилик, бухгалтерлер жана башка жооптуу жактар алышы керек",-деди депутат.

Эскерте кетсек, 29- майда Улуттук коопсуздук боюнча комитеттен келип түшкөн материалдардын негизинде өкмөттүн мурдагы мүчөлөрү Игорь Чудинов менен Акылбек Жапаровго жана башка жактарга карата Кылмыш жана жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүмүнүн (коррупция) негизинде баш прокурор Индира Жолдубаева кылмыш ишин козгогон.

Алар 2009-2015-жылдар аралыгында "Машина сыноочу станция" ишканасына 200 миллион сом мыйзамсыз ссуда бөлгөндүгү жана акча каражатын максатсыз пайдалангандыгы үчүн айыпталууда. Кылмыш ишин иликтөө УКМКнын тергөө бөлүмүнө тапшырылган.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/274741

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.