Атамбаев: Балдарыбызга көп убактыбызды арнайлы, сырдаш бололу

Ата-эненин, үй-бүлөлүк очоктун мээримине бөлөнгөн, кубаныч, сүйүү, жарык маанайда чоңойгон балдар телегейи тегиз инсан болуп жетилишет
  01.06.17   10:54
 159

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 1-июнь, Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө байланыштуу кайрылуу жасады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

"Урматтуу мекендештер!

Кымбаттуу Кыргызстандын кичинекей жарандары!

Көп жылдан бери кыргызстандыктар жайдын биринчи күнүн балалыктын майрамы катары белгилешет. Баарыбыз үчүн шаттуу күндөрдүн бири болуп калган бул күн салттуу үй-бүлөлүк майрамга айланып, ата-энелер балдарына арнашат.

Мен быйыл бул күн Балдарды коргоонун эл аралык күнү экенине өзгөчө көӊүл бургум келет. Биздин балдар коргоого муктаж экенин эске салгым келет. Балдарыбыздын өмүрү менен ден соолугуна, билими менен коопсуздугуна, дегеле жаш муундун келечегине улуулар жоопкер экенине коомчулуктун көӊүлүн бургум келет.

Кымбаттуу ата-энелер!

Сиздер - балдардын эң жакын, эң сүйүктүү адамысыздар. Ар бир баланы Кудай шык-жөндөмү, таланты менен жаратат. Аны ойготуу, өстүрүү- сиздердин колуӊуздарда.

Элибизде "Балам-бактым, балам -базарым" деген сөз бар. Ата-эненин, үй-бүлөлүк очоктун мээримине бөлөнгөн, кубаныч, сүйүү, жарык маанайда чоңойгон балдар телегейи тегиз инсан болуп жетилишет. Ошондуктан, балдарыбызга көп убактыбызды арнайлы, сырдаш бололу.

Кымбаттуу балдарым!

Майрамыӊар кут болсун!

Ден соолугуӊар чыӊ болсун!

Бак-таалайлуу, өмүрлүү болгула!",- деп жазылат мамлекет башчысынын кайрылуусунда.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/274776

 Комментарийлер:
#1 жыкы
2017-06-01 11:26:09 Цитата / 0 / -

Атамбаевке ыраазымын. эл учун иштеген президент болду.

#1 саратан
2017-06-01 11:27:37 Цитата / 0 / -

Балдар биздин келечек. ошол келечекке туура багыт калтырып кетели. татыктуу муундарды тарбиялайлы

 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.