Милиция Көк-Арт дарыясына боюн таштаган 6 баланын энесин сактап калды

  01.06.17   11:43
 151

Сузак районунан патрулдук милиция кызматкерлери Көк-Арт дарыясына агып бара жаткан аялды куткарып калышты.

30- майда, болжол менен саат 18.30 чамасында Жалал-Абал облустук ИИБнын Патрулдук милиция бөлүмүнө жүк ташуучу унаанын айдоочусу белгисиз аял көпүрөдө сууга секирүүгө аракет кылып жаткандыгын кабарлаган. Аталган аймакка келген милиция кызматкерлери эч кимди кезиктире алган эмес. Бирок суу жээгинде отурган аялды көрүшкөн. Алар суроо менен кайрылганда, аял бардыгы жайында экендигин айткан. Бирок милиция кызматкерлери алыстан көз салып турушкан. Бир маалда кыйкырган үндөр чыгып, кимдир бирөө жардамга чакырган.

Аялдын сууга секиртип кеткенин уккан соң, эки милиция кызматкери аны куткарууга аракет кылган. Агым катуу болгондуктан аял 50 метрдей алыстап кеткен. Бирок милиция кызматкерлери аны суудан алып чыгып, биринчи медициналык жардам көрсөтүшкөн.

Өз жанын өзү кыюуга аракет кылган жаран 1984-жылы туулган З.М. экендиги аныкталган. 6 баланын апасы катаал үй бүлөлүк турмуштан улам мындай кадамга барган. Аял аймактык ооруканага жеткирилип, медициналык жардам алып, учурда абалы канааттандырарлык.

Ал эми аялдын жанын сактап калган Жалал-Абад облустук ИИБнын Патрулдук милиция бөлүмүнүн кызматкерлери, милициянын старшинасы Жанузак Мурзакунов жана милициянын сержанты Сапарбай уулу Бекмамат болгон.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/274779

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.