Султанбекова: Балдар мамлекеттин келечеги экендигин эске алуубуз керек

  01.06.17   16:37
 71

"Баланын саламаттыкка, билим алууга, физикалык жана чыгармачыл жактан өнүгүүсүнө, эс алууга укуктарын камсыздоо Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саясатынын артыкчылык багыттары болуп эсептелет. Өзгөчө өкмөт биринчи кезекте жардамга муктаж болгон балдардын көйгөйүн чечүүгө көңүл бурууда". Мындай пикирин бүгүн, 1-июнда, Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө арналган футбол фестивалынын ачылышында вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова билдирди.

Футбол Федерациясы жана БУУнун балдар фонду Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата жаш спортчулардан, калктын аярлуу катмарындагы үй-бүлөлөрдүн балдарынан, тактап айтканда мүмкүнчүлүгүн чектелген балдардан жана качкындардын балдарынан, ата-энесинин камкордугусуз калган балдардан турган 300 балага майрамдык маанай тартуулады.

Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова бул өзгөчө күн балдарды тарбиялоодогу өзгөчө жоопкерчиликти, аларды психологиялык жана башка зомбулуктардан коргоону, жетим балдардын көйгөйүн чечүүнү жана балдардын саламаттыгын сактоону эске саларын билдирди.

"Балдардын тагдыры, алардын укуктарын жана адамдык артыкчылыктарын коргоо- бул биздин коомду бириктире турган негизги милдеттердин бири. Ар бирибиз балдар-мамлекеттин келечеги экендигин эске алуубуз керек",- деди Чолпон Султанбекова.

Вице-премьер-министр өлкөдөгү бардык бөбөктөрдү Балдарды коргоонун Эл аралык күнү менен куттуктап, аларга бекем ден-соолук, бактылуу балалык, окууларына ийгилик жана жаркын келечек каалады.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/274794

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.