Бишкекте "Мурас" фестивалы өттү

  01.06.17   17:52
 130

"Сейтек" улуттук балдар жана өспүрүмдөр борборунда калаанын мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын балдарынын арасында кыргыз элдик чыгармачылыгынын шаардык фестивалы өткөрүлдү.

Иш-чара Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгы тарабынан уюштурулуп, "Адеп-ахлак, ыйман жана маданият" жылына карата арналды.

"Мурас" фестивалынын башкы милдети кыргыз элдик чыгармачылыгынын, салтын жана маданиятын терең жайылтуу, мектепке чейинки балдарды кыргыз элдик чыгармачылыгына өз демилгеси аркылуу маданиятка калыптандыруу, кыргыз улуттук каада-салттарды сактоо жана өнүктүрүү, кыргыз элинин оозеки чыгармаларынын мектепке чейинки уюмдарында педагогикалык иш-аракеттердин жүрүшүндө пайдалануу жана балдар майрамын өткөрүү, таланттуу балдарды алып чыгуу болуп саналат.

"Мурас" фестивалында 12 мектепке чейинки билим берүү уюмдары катышты. Фестивалдын жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөр ардак грамоталар жана баалуу белектер менен сыйланышты.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/274800

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.