Президент Улуттук онкология борборундагы балдардын ден-соолугунан кабар алды

  02.06.17   09:47
 104

Кечээ, 1-июнда, мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Балдарды коргоонун эл аралык күнүндө Улуттук онкология борборунун балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө барды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мамлекет башчысы балдар бөлүмүнүн палаталарына кирип, бөбөктөр менен сүйлөштү, аларды Балдарды коргоонун эл аралык күнү менен куттуктап, белектерди берди. Президент ошондой эле балдардын ата-энелери жана мекеменин жамааты менен маектешип, оор кеселге чалдыккан балдарды дарылоо шарттарын жакшыртуу боюнча мындан ары да чараларды көрүүнүн маанисин баса белгиледи.

Президент Алмазбек Атамбаев капиталдык оңдоодон жана заманбап жабдуулар менен камсыз болгондон соң пайдаланууга берилген интенсивдүү терапия палатасын жана балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнүн амбулатордук-диагностикалык бөлмөсүн көрүп чыкты.

Мамлекет башчысы балдарга сакайып кетүүнү каалап, аларды кесел менен күрөшүп, аны жеңип чыгууга чакырды.

"Бул күрөштө биз силерге жардам беребиз. Силерге ден соолук каалайм"- деди Алмазбек Атамбаев.

Президент балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүн зарыл болгон медикаменттер менен камсыз кылууга байланыштуу бардык маселелер мындан ары да ыкчам чечилиши керек экенин баса белгиледи.

Белгилей кетчү жагдай, мамлекет башчы былтыр борборго келгенде балдарды дарылоо шарттарын жакшыртуу зарылдыгын белгилеген, кийинчерээк мекемеге тийиштүү финансылык жардам берилген. Бөлүнгөн каражаттар балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүн модернизациялоого жана азыр интенсивдүү терапия палатасы жана балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнүн күндүзгү стационары бар амбулатордук-диагностикалык бөлмөсү жайгашкан жайларды капиталдык оңдоого, операциялык жана реанимациялык жабдууларды, медициналык препараттарды сатып алууга жумшалган.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/274803

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.