Гүл сатып үй-бүлөсүн баккан 7 жашар Эрмек бир бөлмөлүү батирге ээ болду

  02.06.17   10:36
 168

Гүл сатып үй бүлөсүн баккан 7-жашар Эрмек бир бөлмөлүү батирге ээ болду. Бул тууралуу флешмобдун уюштуруучусу Дайырбек Орунбеков билдирди.

Анын айтымында, бир бөлмөлүү батирди Эрмекке Арафат аттуу ишкер Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата белек кылган.

Андан тышкары шардан жасалган гүлдөрүн сатууда 117 000 сом түшкөн. Каражатты Дайырбек Орунбеков элдин көзүнчө санап, баланын тай энесине өткөрүп берген.

Эскерте кетсек, кечээ, 1- июнь Балдарды коргоо күнүнө карата 7 жашар Эрмекти колдоо үчүн флешмоб өткөрүлгөн. Шардан жасалган гүлдөрдү сатуудан түшкөн каражат Эрмектин үй бүлөсүнө берилген. Журналист Дайырбек Орунбековдун демилгеси менен уюштурулган иш чарага белгилүү эстрада жылдыздары, коомдук активисттер жана баланын жашоосуна кайдыгер карабаган жарандар катышкан.

Эрмек жарым жылдан ашык убакыттан бери тай энесине, бир жарым жашар карындашына жана төрт жашар инисине өзү кам көрүп келет. Эрмектин атасы эки жыл мурун каза болуп калган. Апасынын Москвага иш издеп кеткенине жарым жылдан ашкан. Акыркы бир нече ай аралыгында андан кабар жок.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/274805

 Комментарийлер:
#1 фарида
2017-06-02 11:47:17 Цитата / 0 / -

Кыргыз элим дагы бир жолу улуулугун манастын чыныгы урпагы экенин далилдеди ишкер жигитке улуу рамазан айында кудайдын мээриме болонсун

#2 Токон апа
2017-06-02 22:08:37 Цитата / 0 / -

Пейлинден кагылайын кыргыз калкым, кайрадан кыйын кундо калгандарды кароосуз калтырбай кол сунганына ырахмат! Кыргыз жетим- жесирин жер караткан эмес эч качан. Дайырбекке окшогон азаматтар бар болсун...

 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.