Премьер: Экспортко багытталган ишканаларга максималдуу колдоо көрсөтүү зарыл

  05.06.17   11:12
 87

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Ысык-Көл облусуна жасаган жумушчу сапарынын алкагында Ысык-Көл районундагы Ананьево айылындагы шире чыгарган "Яблочная компания" ишканасынын жана Каракол шаарындагы "Ак-Булак" кичи кайра иштетүүчү ишкананын ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

"Яблочная компания" ишканасынын негиздөөчүсү Дөөлөтбек Салмакеев маалымдагандай, алма ширесин чыгаруу боюнча аталган кыргыз- орус ишканасы 2015-жылдан тартып иштеп келе жатат. Анда дүйнөлүк стандартка жооп берген заманбап технология колдонулат жана 30 адам жумуш орду менен камсыз болгон. Өндүрүлгөн продукция таза жана жогорку сапатка эз, ошондой эле ширенин беш түрү чыгарылат. Өндүрүш үчүн жергиликтүү сырьё колдонулат.

Ишкананы жабдуу үчүн 80 млн сом сарпталган жана анын 20 млн сому алма багын өстүрүү үчүн кыргыз-орус өнүктүрүү фондунан алынган.

"Бүгүнкү күндө өндүрүлгөн продукция ЕАЭБ өлкөлөрүнө тактап айтканда – Санкт-Петербург жана Москва шаарларына экспорттолууда. Биз Россиянын базарынан өз ордубузду таба алдык. Келечекте Казакстан андан соң Кытай жана Европа базарына чыгууну пландаштырып жатабыз. Бул максатта өндүрүштү кеңейтүү пландаштырылууда, бул үчүн 3 гектар жер жана 17 миллион АКШ доллары талап кылынат. Муну ишке ашыруу менен жергиликтүү мөмө-жемиштерди сатуу көйгөйү чечилет. Биз өндүрүштү кеңейтүүнү пландаштырууну жана буга өкмөттүн көңүлүн буруусун каалайбыз", -деп маалымдады Дөөлөтбек Салмакеев.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаевге аталган ишкананы кеңейтүү үчүн жер берүү мүмкүнчүлүгүн кароону тапшырды Ал эске салгандай, кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун артыкчылыктуу багыттарынын бири аналогдук долбоорлорго каржылык колдоо көрсөтүү болуп саналат.

Ошондой эле өкмөт башчы Каракол шаарындагы "Ак-Булак" кичи кайра иштетүүчү ишкананын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Компаниянын жетекчиси Нарынбек Чикеев маалымдагандай, ишкана өз ишин 2011-жылы баштаган. Негизги чыгарылган продукциялар? кургак сүт, каймак майы, сыр жана йогурт продукциялары. Чыгарылган продукциялар жергиликтүү базарда сатылууда жана экспортко чыгаруу пландаштырылууда.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, жергиликтүү бийлик органдары жер-жерлердеги өзгөчө экспортко багытталган ишканаларга максималдуу колдоо көрсөтүү керек. Өкмөт башчы баса белгилегендей мындай ишканалар жергиликтүү айыл чарба продукцияларын сатууга, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана өлкөдө ички миграцияны азайтуу маселелерин чечүүгө жардам берет.

Аны менен бирге премьер-министр ишкерлерге кайрылып, өлкөнүн ЕАЭБге кирүүсү менен ата мекендик ишкердикке жаңы мүмкүнчүлүктөр пайда болгонун билдирди.

"Эми өндүрүлгөн продукциялардын жогорку сапатын жана зарыл көлөмүн камсыз кылууну ишке ашыруу зарыл",- деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/274828

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.