Арыздардын жоктугунан "Мегакомду" сатуу боюнча аукцион өтпөй калды

Аукционду өткөрүү бүгүн, 5-июнга бекитилген
  05.06.17   14:30
 91

"Альфа Телеком" жабык акционердик коомунун 100 пайыз акциясын сатуу боюнча аукцион өтпөй калды. Бул тууралуу бүгүн, 5-июнда "ВБ"га Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун басма сөз кызматы билдирди.

Аукционду өткөрүү бүгүн, 5-июнга бекитилген.

Эскерте кетсек, "Альфа Телеком" жабык акционердик коому биринчи жолу сатыкка чыгарылып жаткан жери жок. Алгач компания 19 млрд сомго бааланып, 2016-жылдын майында аукционго коюлган. Бирок арыздар келип түшпөгөндүктөн аукцион өтпөй калган. Андан кийин дагы баасы төмөндөтүлүп, бир нече жолу сатыкка коюлган. 2017-жылдын мартында Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду 13, 5 млрд сомго баалап кайрадан аукционго чыгарган.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/274834

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.