Темир жолчулар кайрымдуулук акция өткөрдү

  05.06.17   16:50
 70

Балдарды коргоо күнүнүн алкагында "Кыргыз темир жолу" ишканасынын профсоюз уюмунда түзүлгөн "Жаштар кеңеши" кайрымдуулук иш-чара өткөрдү. Бул тууралуу ишкананын басма сөз кызматы билдирди.

Аталган иш-чара алардын эң алгачкы акциясы болгондуктан уюштуруу иштери "Жетим балдардын укуктарын коргоо" коомдук фондусу менен биргеликте жүрдү.

"Жаштар кеңеши алдын-ала Беловодскидеги жана Кара-Балтадагы балдар үйү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, алардын муктаждыктарын билди. Андан соң ар бир бала үчүн атайын белек баштыкчалар даярдалды. Баштыкчалардын ичине ар бир балага чак келүүчү бут-кийим, ич-кийим, кыздарга көйнөктөр, ал эми балдарга футболкалар салынган. Мында алардын ар биринин кийимдеринин размерлери алдын-ала такталып, ар бир баланын колуна жекече тапшырылды",- деп маалымдайт басма сөз кызматы.

Жалпысынан Беловодскидеги балдар үйүнө 51 балага жана Кара-Балтадагы балдар үйүндөгү 29 балага 80 жуп бут кийим, 80 көйнөк, футболкалар жана 122 жуп байпактар тапшырылды.

Мындан тышкары суусундуктар жана аттуулар сатылып алынып, алар үчүн атайын майрамдык стол тартууланды.

Ал эми самын, кир жуучу порошоктор, салфеткалар жана даарат кагаздары балдар үйлөрүнүн администрацияларына тапшырылды.

Эске салсак, темир жолчулардын профсоюз уюмунун "Жаштар кеңеши" 2016 жылдын июнь айында түзүлгөн. Азыр анын 47 мүчөсү бар.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/274843

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.