Айсулуу Тыныбекова дүйнөнүн эң күчтүү үч балбанынын катарына кирди

Биринчи орунду мурдагыдай эле төрт жолку олимпиада чемпиону болгон жапон спортчусу Каори Ичо (Kaori Icho) ээлеп турат
  07.06.17   14:28
 193

Бириккен күрөш дүйнөсү (United World Wrestling) уюму дүйнөнүн күчтүү балбандарынын кезектеги рейтингин жарыялады.

Ага ылайык, май айында Индияда өткөн Азия биринчилигинде жана Бакуда өткөн Ислам тилектештик оюндарында алтын медал утуп алган кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова өз салмак категориясында (58 килограмм) 4-орундан 3-орунга көтөрүлгөн.

Биринчи орунду мурдагыдай эле төрт жолку олимпиада чемпиону болгон жапон спортчусу Каори Ичо (Kaori Icho) ээлеп турат. Африканын мыкты балбан кызы, мурдагы рейтингде үчүнчү орун алган тунистик спортчу Марва Амри (Marwa Amri) бул жолкусунда экинчи сапка көтөрүлгөн.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/274894

 Комментарийлер:
#1 Руслан
2017-06-10 13:37:25 Цитата / 0 / -

Рахмат айсулуу кыргызтанды дуйного таанытканынар онорун оркундой берсин.

 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.