Жамгырда жол кыймылын көзөмөлгө алган инспектор көпчүлүктүн алкышына татыды

  08.06.17   11:01
 93

Катуу жааган жамгырга карабай жол кыймылын көзөмөлгө алган патрулдук милиция кызматкери Интернет колдонуучулардын алкышына татыды.

Аба ырайынын катаал шартына карабай өз милдетин берилгендик менен аткарып жаткан патрулдук милиция кызматкерин көргөндөр видеого тартып, Интернетке киргизип коюшкан. Видео менен таанышкан ар бир жаран инспектордун дарегине алкыш сөздөрүн айткан.

Учурда ал милициянын старшинасы Азим Асанов экендиги белгилүү болду.

Эскерте кетсек, 6-июнда Бишкекте жамгыр аралаш шамал катталып, бак-дарактар кулаган, шамалдын ылдамдыгы секундасына 22 метрге жеткен.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/274914

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.