Разаков: ЖККУ алкагында аскердик-экономикалык кызматташуу башкы мааниге ээ

  08.06.17   14:37
 61

Кыргыз тарап үчүн ЖККУ алкагында аскердик-экономикалык жана аскердик-техникалык кызматташуу башкы мааниге ээ. Ага мүчө мамлекеттер ортосунда жана аскердик-саясий жана экономикалык мамилелер биздин мамлекеттердин башчыларынын туруктуу көңүл буруусунда турат жана бул ЖККУ ишмердүүлүгүндө маанилүү болуп саналат. Бул тууралуу бүгүн, 8 июнда, вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун аскердик-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиясынын XV жыйынында билдирди.

Вице-премьер-министр катышуучуларды жамааттык келишим жөнүндөгү келишимге коюлгандыгынын 25-жылдыгы жана ЖККУ түзүлгөндүгүнүн 15 жылдыгы менен куттуктады.

Жеңиш Разаков баса белгилегендей, Кыргызстан ЖККУ мүчө-мамлекеттердин кызматташтыгына чоң маани берерин жана Уюмдун алкагында өз ара байланыштарды бекемдөөгө, ошондой эле мүчө мамлекеттердин коопсуздугун комплекстүү камсыз кылуучу көп тармактуу аймактык түзүмдү трансформациялоого кызыктар.

"Кыргыз Республикасы комплекстүү коргонуу өнөр-жайы уюмдары жана ишканалар менен биргеликте кызматташууну өнүктүрүүгө кызыктар экендигин билдирет. Ошондой эле Кыргызстандын аймагында аскердик маанидеги продукцияларды чыгаруучу биргелешкен ишканаларды түзүү, өнөр-жай продукцияларынын көлөмүн көбөйтүү жана экспорттоо менен калкты жумуш менен камсыз кылуу маселелерин чечүүгө жол ачуу болуп саналат",- деп баса белгиледи Жеңиш Разаков.

Мындан тышкары вице-премьер-министр ЖККУ мүчө-мамлекеттердин 2010-жылдар аралыгында аскердик кызматташуусун өнүктүрүүнүн негизги багыттарын ишке ашыруу боюнча планында камтылган иш чаралардын баары аткарылганын баса белгиледи.

"Бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндө заманбап маалыматтык технологияларды колдонуу менен орун алган кылмыштуулуктун өскөнү байкалууда. Бул өз кезегинде улуттук жана жамааттык коопсуздукка ири чыгымдарды алып келүүдө",-деп баса белгиледи Жеңиш Разаков.

Аны менен бирге вице-премьер-министр Жеңиш Разаков ЖККУ аскердик-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиясынын ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун арттыруу аркылуу жамааттык коопсуздук системасын жана кабыл алынган чечимдерин дээрлик баарын ишке ашырууга болоруна ишеним артты.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/274923

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.