Президент ШКУга мүчө мамлекет башчыларынын тар чөйрөдөгү жыйынына катышты

  09.06.17   14:39
 81

Бүгүн, 9-июнда мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Казакстан Республикасынын Астана шаарына жасаган жумушчу сапарынын алкагында Шанхай кызматташтык уюмунун мүчө мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги тар чөйрөдөгү жыйынына катышты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев ШКУга мүчө мамлекет башчыларын тосуп алды. Протоколдук сүрөткө түшкөндөн кийин жыйындын катышуучулары тар чөйрөдө жолугушту.

Андан соң жыйын кеңири курамда улантылат.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/274954

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.