Журналист Улугбек Бабакуловго карата кылмыш иши козголду

Бабакуловго Fergananews.com сайтына жана башка ресурстарга чагымчыл мүнөздөгү макалаларды жарыялаган деген айып тагылууда
  09.06.17   18:08
 180

УКМКнын Тергөө башкармалыгы тарабынан журналист Улукбек Бабакуловго карата кылмыш иш козголду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Бабакуловго Fergananews.com сайтына жана башка ресурстарга чагымчыл мүнөздөгү макалаларды жарыялаган деген айып тагылууда.

Улуттук илимдер академиясынын эксперттеринин жана Ж.Баласагын алтындагы Кыргыз улуттук университетинин адистеринин филологиялык жана саясий экспертизасынын корутундусунун негизинде, Бабакуловдун макаласында улуттар аралык тирешүүгө үндөгөн чакырыктар бар экендиги аныкталган.

Ага карата УКМКнын Тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш жана жаза кодексинин 299- беренесинин 1-бөлүмү (улуттук (этникалык), расалык, диний же аймактар аралык касташууга чакыруу) беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Журналист Улугбек Бабакулов ага коюлуп жаткан айыптоолорду чет кагып, айрымдар макаланын маанисин түшүнбөй калгандыгын билдирген.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/274969

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.