Жалал-Абадда июнь окуяларында каза болгондорду эскерүү иш-чарасы болуп өттү

  10.06.17   14:50
 109

Бүгүн, 10-июнда, Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Топурак-Бел участкасында (Санпа) 2010-жылдагы июнь окуяларында каза болгондорду эскерүү иш-чарасы болуп, премьер-министр Сооронбай Жээнбеков катышты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Өз сөзүндө өкмөт башчы өткөндөн сабак алып, өлкөдө улуттар аралык тынчтыкты, биримдикти сактоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

"Биз баарыбыз кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн болушу Кыргызстандын көп улуттуу элинин биримдигисиз мүмкүн эмес экенин түшүнүүбүз зарыл. Ушундай жол менен биз Кыргызстандын алдында турган бардык кыйынчылыктарга туруштук бере алабыз. Кыргызстандын эли терең кайгыруу менен, 2010-жылы бул трагедиялуу окуянын кесепетинен жабыр тарткан бардык адамдардын азасын тең бөлүшөт. Июнь окуясы ар бир жарандын жүрөгүндө жана өлкө тарыхында кара так калтырды. Биз экстремизм жана башка коркунучтарды өнүктүрүүгө жол бербөө үчүн бузуку күчтөргө бөгөт коюуга биргелешип аракет кылышыбыз керек",- деди Сооронбай Жээнбеков.

Өкмөт башчы мекендештерди улуттар аралык ынтымакты бекемдөөдө боорукер болууга чакырды. Ал толеранттуулук биримдик жана сабырдуулук сыяктуу түшүнүктөрдү жаш кезинен баштап балдардын аң сезимине сиңирүү керектигин жана бул баарыбыздын милдетибиз экенин билдирди.

2010-жылдагы каза болгондорду эскерүү иш чарасына өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев, айыл чарба тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев, жергиликтүү тургундар жана трагедиялуу окуяда каза болгондордун туугандары, июнь окуясында каза болгондордун мемореалдык эстелигине (Санпа) гүл чамбар коюп, маркумдардын арбагына багыштап Куран окушту.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/274982

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.