"Хонда" үлгүсүндөгү унаанын 4 жашар кызды койдуруп кеткени видеого түшүп калган

  12.06.17   10:18
 141

Интернетке "Хонда Фит" үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу 4 жашар кызды койдуруп кеткени тууралуу видео жарыяланды. Видеодо көрүнүп тургандай аял жолду кесип өтүп, коңшусунун үйүнө келген. Анын артынан чуркап келе жаткан кызды катуу ылдамдык менен келе жаткан "Хонда Фит" үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу койдуруп кеткен. Сокку катуу болгондуктан бала бир нече метрге чейин ыргып кеткен. Кырсык 10-июнда Төмөнкү Ала-Арча айылында катталган. Жабыр тарткан кыздын абалы оор, комада жатат.

"Унааны 16 жаштагы жашы жете элек бала башкарып келе жаткан. Анын эч кандай документтери жок болгон. Атасынын унаасын уруксаты жок айдап чыккан. Ал ошол эле күнү колго түшүрүлгөн. Экспертизалык текшерүү жүргүзүүдө кармалган жаран алкоголдук ичимдик ичпегендиги аныкталган",- дейт Патрулдук милиция башкармалыгынын басма сөз катчысы Таалай Бугубаев.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/274988

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.