Жаш комузчулар Россияда өткөн фестивалда баш байгени багындырышты

  13.06.17   13:29
 62

Сочи шаарында өткөн " Улук Россия " фестивалына катышкан Бишкек шаарык №13- гимназия мектебинин "Санат" жаш комузчулар ансамбли Гран-при сыйлыгын жеңип алды.

Комузда виртуоздук ойноо техникасына берилген баа биринчи орунду камсыздады. " Санат" ансамблинин солисткасы Аделя Бурханбай кызы комуз чертип ырдоодо номинациясында да биринчи орунга татыктуу болду. Аталган ансамблдин көркөм жетекчиси, белгилүү комузчу жана аткаруучу Табани Кожоярова жогорку деңгээлдеги педагогикалык чеберчилиги үчүн Гран-при диплому менен сыйланды.

Эл аралык сынактын жыйынтыгы менен жаш комузчулардын чакан тобу эми Санкт-Петербург шаарында өтө турган "Сияние звёзд" 13- конкурс фестивалына чакыруу алды. Кыргыз элинин аброюн арттырып, улуттун намысын коргогон жаш таланттар ошентип, эл аралык фестивалда Кыргызстандын желегин бийик желбиретишти.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/275025

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.