Тайырбек Сарпашев ээлеген кызматынан бошотулду

Мартта Башкы прокуратура Тайырбек Сарпашевди ээлеген кызматынан бошотуу боюнча сунуштама берген
  15.06.17   11:29
 155

Тайырбек Сарпашев ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Анын жазган арызынын негизинде премьер-министр Сооронбай Жээнбеков, Тайырбек Сарпашевди ээлеген кызматынан бошотуу боюнча буйрукка кол койду.

Эскерте кетсек, мартта Башкы прокуратура Тайырбек Сарпашевди ээлеген кызматынан бошотуу боюнча сунуштама берген.

Башкы прокуратура тарабынан Сарпашевге карата Кылмыш жана кодексинин 304-беренеси (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголгон. Ага 2013-жылы вице-премьер-министр болуп турганда Мамлекеттик каттоо кызматындагы тендерде жеңилген компаниядан туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрдүн жараксыз 40 миң бланкын сатып алууга уруксат берген деген айып тагылган.

Тайырбек Сарпашев Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси болуп 2015-жылдын ноябрында дайындалган.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/275080

 Комментарийлер:
#1 Тынчтык
2017-06-17 17:51:43 Цитата / 0 / -

Бул Сарпашевдер жеп буттуго Токтогулду акеси Тазабек жеп айыл окмотторго чейин оз кишисин коюп акимди айтпай эле кой аким деген эле аты. Атамбаева корупсия менен курошсо ушуларды камабайбы.

#1 Тынчтык
2017-06-17 17:57:16 Цитата / 0 / -

Токтогулда бут басып алышты начальник РОВД Салык кызматы Спец фонддун торогасы деректор школдор айылдарга чейин айыл окмоттор баарын алып койду. Ушуну коруп туруп эмне текшерген орган жок Кыргызстанда.

 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.