БШК президенттикке талапкерлерди каттоого ала баштады

Ал эми талапкерлердин үгүт иштери 10-сентябрда башталып, шайлоого бир күн калганда, тактап айтканда 14- октябрда аяктайт
  15.06.17   11:43
 129

Бүгүн, 15-июнда Борбордук шайлоо комиссиясы президенттикке талапкерлерди каттоого ала баштады.

Бүгүнкү күндөн тартып, сентябрга чейин президент болууну каалагандар каттоодон өтүү үчүн керектүү документтерди тапшыра алышат. Документтер каралып чыккан соң, талапкерлер иргелип алынат.

Ал эми талапкерлердин үгүт иштери 10-сентябрда башталып, шайлоого бир күн калганда, тактап айтканда 14- октябрда аяктайт. Президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт.

Учурда төмөнкүлөр президенттик шайлоодо ат салыша тургандыгын ачык жарыялаган. Алар, премьер-министр Сооронбай Жээнбеков, экс-премьер-министр Темир Сариев, "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев жана "Республика - Ата-Журт" фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/275081

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.