"Кыргызалтын" Канада сотунда түрк компанияларын утуп алды

15-июнда Канаданын жогорку соттук инстанциясы Онтарио сотунун чечимин күчүндө калтырды
  16.06.17   13:43
 171

Кыргызстан Канаданын Жогорку сотунда "Систем Мүхендислик" жана "Энтес" түрк компанияларын утуп алды. "Кыргызалтын" ААКнын басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, 15-июнда Канаданын Жогорку Соту түрк компанияларынын доо арызын канааттандыруудан баш тарткан.

Буга чейин 2016-жылы 29-декабрда Онтариа соту "Кыргызалтындын" Centerra Gold компаниясындагы акцияларын кыргыз өкмөтүнө дооматы бар башка тараптар, маселен, "Систем Мүхендислик" тартып ала албайт деген чечим чыгарган.

15-июнда Канаданын жогорку соттук инстанциясы Онтарио сотунун чечимин күчүндө калтырды.

Буга ылайык, жакын арада "Кыргызалтындын" Канададагы 11 миллион 867 миллион доллар эскроу-эсеби бошотулат.

"Кыргызалтын" ААК менен түрк компанияларынын соту алты жылга созулган. 15-июнда чыккан чечимдин натыйжасында "Кыргызалтын" 165 миллион долларга бааланган акцияларын жоготуу тобокелчилигинен кутулду.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/275114

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.