Атамбаев УКМК кызматкерлерин Ардак грамоталар жана энчилүү сааттар менен сыйлады

  16.06.17   14:55
 59

Бүгүн, 16-июнда, мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев, Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлерине кызматтык милдеттерин абийирдүүлүк менен жана үлгүлүү аткаргандыгы, ыкчам-кызмат ишмердигинде жакшы жыйынтыктарга жетишкендиги, ошондой эле Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун камсыз кылуу ишине кошкон салымы үчүн Ардак грамоталарды тапшырып, президенттик сааттар менен сыйлады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мамлекет башчы өз сөзүндө УКМК кызматкерлерин сыйлыктары менен куттуктап, Кыргызстан элинин атынан өз милдеттерин абийирдүүлүк менен аткарып жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Атамбаев мамлекеттин жана анын жарандарынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча зор иштерди аткарган дал ушундай офицерлердин күч-аракети менен УКМК өлкөнүн реалдуу коргоочусу болуп калгандыгын белгиледи. Мамлекет болсо Мекен сакчылыгында тургандар жөнүндө ырааттуу камкордук көргүдөй системаны түзүүгө жетишти.

Президент Алмазбек Атамбаев УКМК кызматкерлерине чың ден соолук, бакыт-таалай жана жооптуу кызматтарына ийгилик каалап өттү.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/275116

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.