Депутат: Кооптуу жайга имарат салууга уруксат бергендер жоопко тартылышы керек

  16.06.17   15:29
 91

Бүгүн, 16-июнда "Ата Мекен" парламенттик фракциясынын жыйынында имараттарды, жолдорду куруудагы тиешелүү талаптардын сакталышы боюнча маселе каралды.

Депутат Алмамбет Шыкмаматов кооптуу аймактарга кандайдыр бир имарат салууга уруксат берген мамлекеттик чиновниктердин жоопкерчилиги тууралуу маселе көтөрдү. Эл өкүлү Ош облусунун Өзгөн районундагы кооптуу аймак деп саналган, жакында эле жер көчкү жүргөн жерге жаңы мектептин имаратын курууга уруксат берилген жагдайды мисалга тартты. "Мектеп имараты жер көчкүнүн астында калды, анын курулушуна мамлекеттен канчалаган каражат жумшалган. Эми буга ким жооптуу болот?",- деди депутат Алмамбет Шыкмаматов.

Өкмөткө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба боюнча мамлекеттик агенттиктин өкүлдөрү мектеп имаратынын курулушуна 10 миллион сомдой каражат жумшалгандыгын, бүгүнкү күндө бул маселе боюнча кызматтык иликтөө жүрүп жаткандыгын билдиришти.

"Мамлекеттик органдардын көз караштары башка-башка болуп жатат. Эгерде Өзгөчө кырдаалдар министрлиги калкка аталган аймата жер көчкү жүрүшү мүмкүндүгүн эскерткен болсо, анда эмне үчүн Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба боюнча мамлекеттик агенттиги мындай кооптуу жерге мектеп салат? Мектеп салынбашы керек эле да!",- деди эл өкүлү.

Талкуу жүрүшүндө депутат Сайдулла Нышанов республика аймагында курулушу жүрүп жаткан авто жолдордун сапатына токтолду. Анын белгилөөсүндө, жолдорду курууда же реконструкция жүргүзүүдө оор жүк ташуучу автоунааларды салмагына жараша тиешелүү ченемдер эске алынышы шарт. Же болбосо оор жүк ташуучу автоунаалар үчүн кандайдыр бир так эрежелерди киргизүү зарыл. Ошону менен катар депутат аткаруу бийлигинин өкүлдөрүн курулган автожолдордун колдонуу мөөнөтүнө дагы көңүл бурууга чакырды.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/275119

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.