Депутат: Оор жүк ташуучу унааларга карата саясатты түп-тамырынан өзгөртүү зарыл

  16.06.17   15:58
 80

Быйыл Кытай грантынын эсебинен Бишкек шаарындагы 95 чакырым жол оӊдолуп бүттү. Бул тууралуу КСДП фракциясында жолдорду куруу жана оңдоо тууралуу маселе каралып жатканда Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов билдирди.

"Бишкек шаарынын көчөлөрүн оӊдоого азырынча 800 млн сом бөлүндү. Азыр ордо калаанын 12 участкасында жол оӊдоо жумуштары башталды. Баш-аягы 49 көчө оӊдолот. Азырынча 29 көчөдө оӊдоо иштери жүрүүдө",- деди ал.

Ал эми фракция башчысы Иса Өмүркулов жаӊыдан салынган жолдор четинен талкаланып жаткандыктан, биринчи кезекте оор жүк ташуучу автомашиналарга карата саясатты түп-тамырынан өзгөртүү зарылдыгын белгиледи.

"Мындай жагдайда калыӊдыгы 15 сантиметр жолду күтө албайбыз. Оор жүк ташуучу автомашиналарга айып пул салуу менен эле чектелбей, жолду жеӊилдетиш керек. Айып алып, анан аны коё берет экен, ушу кантип болсун", - дейт ал.

Андан тышкары, Иса Өмүркулов райондордун борборлору жолун өз алдынча оӊдой албасын, Каржы министрлиги келерки жылы аларга көбүрөөк каражат бөлүшү керектигин билдирди.

"Ырас, жол куруу жана оӊдоо жаатында бир катар маселелер чечилип жатат, бирок оор жүк ташуучу автомашиналар көйгөйү ошо бойдон турат. Ал үчүн аларга карата саясатты түп-тамырынан өзгөртүү зарыл", - деп кошумчалады ал.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/275121

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.