Султанбекова: Биз балдарды тарбиялоого жакшы көңүл бурбай жатабыз

  16.06.17   16:06
 50

Бүгүн, 16-июнда вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова "Кыргыз Республикасындагы балдардын абалы" тууралуу семинарда, балдар үйлөрүндө балдардын санынын көбөйүшүнө, ошондой эле мындай балдардын санын кыскартуу боюнча жүргүзүлүп жаткан мамлекеттик саясат натыйжасын бербей жаткандыгына тынчсыздануусун билдирди.Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

"Учурда интернат тибиндеги балдар үйүндө 9000 бала тарбияланса, алардын болгону 6 пайызын жетим балдар түзөт. Калган балдардын атасы, энеси же туугандары бар. 2014-жылдан 2016-жылга чейинки аралыкта 1688 бала интернатка берилген болсо, көрсөтүлгөн аралыкта болгону 30 бала асырап алууга берилген",- деди вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова.

Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова учурда интернат баланын керектөөлөрүн канааттандырууга жөндөмдүү мекеме катары кабыл алынып баштаганына, интернаттарда билим берүү системасы жалпы эле балдарга жана коом үчүн терс кесепеттерге алып келиши мүмкүн экени тууралуу эч кандай түшүнүк жок экенине көңүл буруу зарылдыгын эскертти.

"Балдар жашоодо эң кымбат жана баалуу. Биз аларды камсыз кылуу үчүн жумушта иштеп, балдарды тарбиялоого жакшы көңүл бурбай жатабыз. Аларды үч жолу тамак берген интернаттарга калтырып, бул жердин шарты жакшы деп ойлойбуз. Биз азыр бардыгыбыз ойлонушубуз керек. Ошончо биз иштеп тапкан каражаттар кеткен убакытты жана балдарга берилбей калган тарбияны актай алабы? Мамлекет адамдын баалуулуктардын эсебинен гана өнүгө алат. Балдар биздин келечегибиз",- деди вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова.

Вице-премьер-министр билдиргендей, ведомстволор аралык жумушчу комиссия тарабынан 2018-2020-жылдарга үй-бүлөнү жана балдарды коргоо боюнча комплекстүү программа иштелип чыгып, азыр өкмөт кабыл алар алдында турат. Аталган программа үй-бүлө институтун бекемдөөгө, руханий баалуулуктарды, үй-бүлөлүк мамилени жана тарбияны бекемдөөгө, балдардын укугун коргоого жана алардын толук кандуу үй-бүлөдө тарбияланышын камсыз кылууга багытталган.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/275122

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.