Вице-премьер-министр балдарды коргоо системасы аксап жаткандыгын айтты

  16.06.17   16:15
 42

Бүгүн, 16-июнда вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова, "Кыргыз Республикасындагы балдардын абалы" тууралуу семинарда, жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын балдарды коргоо тармагында аткарган иштеринин жыйынтыгын чыгарды.

"Жер-жерлерде аткарылып жаткан иштер жетишсиз, эч кандай комплекстүү мамиле жок, бир гана жасалмалуулук бар, үй-бүлөлөрдү кыйын жагдайдан алып чыгуу жана балдардын маселесин чечүү боюнча жыйынтыктар көрүнбөй жатат. Көйгөйдү чечүүнүн ордуна алар дайыма биринчи орунда турбаган иш чараларды уюштуруу менен алектенишет. Интернат мекемелеринде жок адамдардын тизмеси менен балдардын санын көбөйтүп алган фактылар бар. Буга мамлекет тарабынан жана эл аралык уюмдардан берилген каражаттар сезилерлик жыйынтык бербей жатат. Аны менен бирге мамлекет 20 жылдан бери бюджетти бөлүштүрүүдө анын 50 пайызы социалдык тармактарга бөлөт",- деди ал.

Вице-премьер-министр өкмөт тарабынан балдардын абалын жакшыртууга бир катар нормативдик укуктук актылар бекитилгенин билдирди.

"Чындыгында балдарды коргоо системасы аксап жатат, турмуштун оор шартында жашаган үй-бүлөлөрдүн жана балдардын саны өсүүдө, балдарды кабыл алуучу үй-бүлө институттары жай өнүгүп жатат. Көптөгөн балдар зордук-зомбулукка дуушар болуп, социалдык, билим берүү жана медициналык тейлөөлөргө мүмкүндүк ала албай жатышат. Үй-бүлөлүк институттарды сактоо жана коргоо боюнча балдарга билим берүү абдан маанилүү. Коомдук кызматтарда аларга шарттарды түзүү, үй-бүлөнүн коомдук институтун сактоо жана колдоо, балдардын укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын негизги максаты болуп саналат",- деди вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/275123

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.