Айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилди

  16.06.17   16:24
 48

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2017-жылдын 4-майында кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты- шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда соттолгон адам башка кылмыш жасаганда, ошондой эле уюшулган криминалдык топтордун мүчөлөрү үчүн жоопкерчиликти катуулатуу.

Мыйзамда Кылмыш-жаза кодексине жана Жазык-аткаруу кодексине эгерде буга чейин сот шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотуу тууралуу чечим кабыл алган соттолгон адамга, ошондой эле уюшулган криминалдык топтордун мүчөлөрүнө карата шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотуу кайрадан колдонулбастыгы тууралуу өзгөртүүлөр киргизилген.

Мыйзам өмүр бою эркинен ажыратылып, бирок ырайым жасоо иретинде жазасы эркиндигинен ажыратуу менен алмаштырылган соттолуучу, өмүр бою эркинен ажыратылган мезгилде жаңы кылмыш жасаса, ага карата шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотуу тууралуу чечим кабыл алууга тыюу салат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/275124

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.