Бишкек-Алматы жолунда кырсык катталып, 2 адам тирүүлөй өрттөнүп кетти

  16.06.17   17:15
 174

15-июндан 16-июнга оогон түнү, саат 01.30 чамасында Алматы - Бишкек жолунда жол кырсыгы катталып, эки адам каза болгон. Бул тууралуу Казакстандын маалымдоо каражаттары жазып чыкты.

Кырсык Бишкек-Алматы жолунун 118-чакырымында катталган. Mitsubishi Galant үлгүсүндөгү жеңил унаанын айдоочусу озуп кетүү аракети менен жолдун каршылаш тилкесине чыгып, "КамАЗ" менен сүзүшкөн.

Унаа акырындан күйүп отуруп, жалбырттаган өрткө айланган. КамАЗдын айдоочусу жабыркаган эмес. Ал эми жеңил унаадагы жүргүнчүлөрдүн өздүгүн тактоого мүмкүн болгон эмес. Атүгүл алардын жынысы айырмаланбай калган.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/275126

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.