Былтыр мамлекеттик компаниялардан түшкөн киреше 74,7 млрд сомду түзгөн

  16.06.17   17:34
 49

Өкмөт мамлекеттик ишканаларды оптимизациялоону улантууда. Анын алкагында 30дан ашпаган ишкана гана мамлекеттин карамагында калат. Бул тууралуу премьер-министри Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик ишканаларды оптимизациялоо боюнча жумушчу жыйында билдирди.

"Буга чейин мамлекеттик ишканалардын жана акционердик коомдордун ишмердүүлүгүн оптимизациялоо жана штаттык санын тактоо иштери жүргүзүлгөн эмес. 2016-жылда мамлекеттик компаниялардан түшкөн киреше 74,7 млрд сомду ал эми чыгашасы 69,1 млрд сомду түзгөн. Мамлекеттик компаниялардын иши унутулуп, алардын жетекчилеринин жана тармактык министрликтердин башкарууда толук көзкарандысыздыгын камсыз кылуу экинчи планга түшүп калган",- деди Сооронбай Жээнбеков.

Премьер-министр белгилегендей, 2016-жылы тиешелүү мамлекеттик органдардын эч кимиси мамлекеттик ишканалардын, ар кандай жолдор менен алардын маалымат саны тууралуу так маалымат алган эмес жана ал маалыматтар чындыкка дал келбейт.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Болсунбек Казаков маалымдагандай, премьер-министрдин тапшырмасы менен мамлекеттик ишканалардын жана ак

ционердик коомдордун ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча жүргүзүлгөн анализ, тез арада мамлекеттик ишканаларды оптимизациялоо зарылдыгын көрсөттү.

Иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча көптөгөн ишканалардын ишиндеги ыйгарым укуктуу максаттар өз багытында эмес экендиги жана штаттык орундар ашыкча жазылганы белгилүү болгон.

Алардын катарына "Кыргыз темир жолу", "Кыргызжилкоммунсоюз" жана башка мамлекеттик ишканалар кирет.

"2017-жылы мамлекеттик мекемелердин ишин жакшыртуу планынын алкагында, электрондук түрдө маалыматты чогултуу жараянын жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлкү бирдиктүү реестрин түзүү башталды",-деди Болсунбек Казаков.

Ал премьер-министрдин тапшырмасы менен акыркы он айда мамлекеттик ишканаларды оптимизациялоо боюнча чоң иштер жасалганын билдирди. Жыйынтыгында мамлекеттик ишканаларды оптимизациялоодо катталган 1130 ишкананын 900 кагаз жүзүндө гана бар экени аныкталды.

"Бул тармакта бюджеттик системасы тарабынан жүргүзүлгөн, ишканалардын чыгымдарды азайтуу кирешесин жогорулатуу жана алардын иш-аракеттери жарандык коом алдында ачык-айкын жана ачык болот. Жыйынтыгында 30 ашпаган ишкана калат, калгандары мамлекеттик мекеме, филиалдар жана акционердик коомдор болуп кайрадан түзүлөт. Учурда мамлекеттик ишканаларды оптимизациялоо боюнча толук кандуу иштердин журүшү менен алардын саны 1130 дан 137 кыскартылды. Өкмөттүн жумушу муну менен токтоп калбайт, азыркы тапта алардын санын 30 ашырбоо боюнча бир катар чечимдер даярдалып жатат",- деди Сооронбай Жээнбеков.

Премьер министр ошондой эле мамлекеттик акча каражаттары тууралуу маалымат чогултуу күтүлүүчү жыйынтыктарга алып келген жоктугун, ушундан улам, мамлекеттик мүлк каттоо реестрин түзүү иштери каралганын билдирди.

Жыйын соңунда өкмөт башчы Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна азыркы 137 ишкана боюнча кылдат иликтөө жүргүзүп, аларды жокко чыгаруу жана кайрадан түзүү боюнча сунуш киргизүүнү тапшырды. Ошондой эле "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлкү бирдиктүү реестрин" түзүү да тапшырылды.

Аны менен бирге премьер-министр Сооронбай Жээнбеков электрондук соода аянтын түзүүнү тездетүүнү да милдеттендирди. Анда мамлекеттик ишканаларды сатуу жана ижарага алуу иштери Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунда эмес, электрондук сатуу аянтында он-лайн режиминде өткөрүлөт.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/275127

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.