Чүй облусунда катуу шамалдын келтирген чыгымы аныкталды

  16.06.17   17:57
 69

Гидрометеорология агенттигинин берген маалыматына ылайык, 14-июнь күнү саат 21:00дө Панфилов районунун Возносеновка айыл аймагында ылдамдыгы секундасына 20 метрге жеткен катуу шамал катталган. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

15-июнь күнү Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан тактоо иштери жүргүзүлүп, Возносеновка орто мектебинин 40 даана шифери учкандыгы аныкталган.

Жайыл районунда 13-июнь күнү саат 21:00дөн 23:10го чейин Кара-Балта шаарынын аймагында ылдамдыгы секундасына 28 метрге жеткен катуу шамал катталган.

14-июнь күнү Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан тактоо иштери жүргүзүлүп, Айыл-чарба өндүрүш кооперативинин 4 сарайынын 255 шиферин шамал учургандыгы аныкталган.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/275131

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.