Абулгазиев: Ичүүчү суу менен кошо санитардык көйгөйлөр да чечилүүгө тийиш

  16.06.17   18:02
 82

Бүгүн, 16-июнда, биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев Дүйнөлүк банктын суу секторунун башчысы Питер Хени жана Дүйнөлүк банктын суу менен камсыз кылуу жана санитария боюнча адиси Дэвид Лорд менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Жолугушууда биринчи вице-премьер-министр Кыргызстан суунун запасы боюнча алдыңкы мамлекеттердин катарында турганы менен ичүүсү суу боюнча аймактарга көйгөйлөр бар экенин билдирди.

"Өзгөчө айыл жеринде ичүүчү суу көйгөйү өзгөчө көңүл бурууну талап кылат. Аймактарда айрым суу түтүктөрү 20 жылдан бери жаңыланган эмес. Ичүүчү суу менен камсыздала турган долбоорлордо санитардык көйгөйлөрдү чечүү жагы да каралса, калктын социалдык турмушу жакшырып, алардын айыл жеринде күнүмдүк жашоосуна жакшы шарттар түзүлмөк",-деди Мухамметкалый Абулгазиев.

2016-жылдын октябрь айында Кыргыз Республикасы менен Бүткүл дүйнөлүк банктын ортосунда аймактарды ичүүчү суу менен камсыз кылуу максатында 28 млн АКШ доллар өлчөмүндө колдоо көрсөтүү боюнча келишим түзүлгөн.

Ичүүчү суу секторун каржылоо багытында, кошумча 2016-жылдын аягында 36 млн доллар каражат бөлүү боюнча чечим кабыл алынып, бул чечим 2017-жылдын 22-июнунда Бүткүл дүйнөлүк банктын директорлор кеңешинде каралып, колдоо көрсөтүлөрү күтүлүүдө.

Архитектура курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана суу берүүнү өнүктүрүү департаментинин директору Аскарбек Токтошевдин маалыматында, жалпы суммасы 64 АКШ млн долларына Ош, Чүй, Ысыкк-Көл облустарынын 117 айылын ичүүчү суу менен камсыз кыла турган "Ала-Тоо булагы" долбоору ишке ашууда. 2017-жылдын 22-июнунан баштап Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Тоготой айылында, Чүй облусунун Чүй районуна караштуу Султан айыл аймагындагы 11 айылга ичүүчү суу курулмалары курула баштайт.

Ал ошондой эле Бүткүл дүйнөлүк банктын колдоосу аркылуу биринчи жолу Ислам өнүктүрүү банкы аталган секторго 23 млн АКШ долларлык колдоо көрсөттү. Бул каражатка республиканын Жалал-Абад облусунун 24 айылы 2022-жылга чейин ичүүчү суу менен камсыз болот.

Жолугушууда Дүйнөлүк банктын суу секторунун башчысы Питер Хени долбоор башталышы гана, аны аягына чыгарууга кошумча каражаттарды бөлүү менен сапатына да өзгөчө көңүл бура турганын баса белгиледи.

Биринчи вице-премьер-министр Ичүүчү суу менен камсыз кылууну жана суу берүүнү өнүктүрүү департаментине курулуш иштеринин сапатына өзгөчө көңүл бурууну тапшырып, Дүйнөлүк банктын өкүлдөрүнө ичүүчү суу менен кошо аймактардагы санитардык маселелер да чечилерине ишеним артарын билдирди.

Эскерте кетсек, жалпы республика боюнча 1805 айылдын 657 айылында ичүүчү суу көйгөйү бар. Аларды 2026-жылга чейин Эл аралык уюмдардын колдоосу аркылуу ичүүчү суу менен камсыз кылууга өкмөттүк программа иш алып барууда.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/275132

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.