Турсунбеков Кытай парламентинин төрагасы Чжан Дэцзянга көңүл айтты

  16.06.17   18:10
 63

Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков Бүткүл Кытай эл өкүлдөр жыйынынын туруктуу комитетинин төрагасы Чжан Дэцзянга Кытайдын Цзянсу провинциясынын Фэнсянь шаарындагы көптөгөн адамдардын, айрыкча, балдардын өмүрүн алган жардырууга байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

"Улуу даражалуу Чжан Дэцзян!

2017-жылдын 15-июнундагы Цзянсу провинциясынын Фэнсянь шаарындагы көптөгөн адамдардын, айрыкча, бала бакчадагы балдардын өмүрүн алган кайгылуу окуя тууралуу кабарды тереӊ кайгыруу менен кабыл алдым.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарынын жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун туугандарына жана жакындарына чын дилден кайрат айтам жана жаракат алган жарандардын тез арада сакайып кетишин тилейм",- деп жазылат төраганын телеграммасында.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/275133

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.