Депутат: Калктын аялуу катмарына көрсөтүлгөн кызматтарды жакшыртуу зарыл

  16.06.17   18:14
 63

Бүгүн, 16-июнда Жогорку Кеӊештин депутаты Наталья Никитенко баштаган калктын аялуу катмарына көрсөтүлүүчү социалдык кызматтарды жакшыртуу максатында мыйзам иштеп чыгуу үчүн түзүлгөн жумушчу тобунун мүчөлөрү Чүй облусунун Москва районундагы "Ак-Ниет" күндүзгү окутуу-калыбына келтирүү борборунун абалы менен таанышышты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Ал жерде депутаттар окуп жана саламаттыгына байланыштуу ар кандай дарылоо ыкмаларынан пайдаланып жаткан жарандар менен балдардан кабар алышты.

"Мамлекет калктын аялуу катмарына жөлөк пул берүү же жардамга муктаждарды интернаттарга жайгаштыруу менен гана чектелүүдө. Тилекке каршы, мындай ыкма алардын толук кандуу коомго аралашуусуна жардам бере албай келет. Тагыраагы, өз үйүндө жакындарынын жанында жөлөк пул менен жашагандар толук билим албай калып жатса, интернатка жайгаштырылгандары жакындарынан алыс калып, ар кандай кыйынчылыктарга кептелүүдө. Андыктан, "Ак-Ниет" борбору сыяктуу күндүзгү окутуу-калыбына келтирүү мекемелерин өлкөнүн баардык аймактарына ачуу менен жергиликтүү бийлик органдарынын бул жааттагы мүмкүнчүлүктөрүн кеӊейтүү максатында атайын мыйзам долбоорун иштеп чыгуу мерчемделди", - деди Наталья Никитенко.

Калктын аялуу катмарына, анын ичинде саламаттыгынан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды жана чоӊ адамдарга, кары-картаӊдарга, эмгек мигранттары менен жумушсуз аялдарга көмөк көрсөтүү максатында 2014-жылы ачылган "Ак-Ниет" күндүзгү окутуу-реаблитациялык борбору жалпысынан 158 адамга социалдык кызмат көрсөткөн. Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүктүрүү министрлиги жана башка эл аралык уюмдардын колдоосу менен бардык жардамдарды бекер көрсөткөн мекемеде тогуз кызматкер эмгектенет.

Эске салсак, Жогорку Кеӊештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинде калктын аялуу катмарына көрсөтүлүүчү социалдык кызматтарды жакшыртуу максатында, өткөн жылдын 16-октябрында атайын жумушчу тобу түзүлгөн.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/275134

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.