Төрага Ооганстан парламентинин спикерлерине көңүл айтты

  16.06.17   18:19
 75

Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков Ооганстан Ислам Республикасынын Улуттук Ассамблеясынын Волеси Жиргасынын төрагасы Абдул Рауф Ибрагимиге жана Улуттук Ассамблеянын Мешрану Жиргасынын төрагасы Фазль Хади Мослемйарга Кабул шаарындагы көптөгөн адамдардын өмүрүн алган жардырууга байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.

"Үстүбүздөгү жылдын 15-июнунда Кабул шаарында болгон террордук актыдан улам калк арасында көптөгөн бейкүнөө адамдардын курман болгондугу жөнүндө суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Кыргыз Республикасы терроризмдин баардык көрүнүштөрүн чечкиндүүлүк менен айыптайт.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана жеке өзүмдүн атымдан, каза болгондордун туугандары менен жакындарына кайрат айткан сөздөрүмдү жана бул кырсыктан жапа чеккендердин баарына тез сакайып кетишине болгон тилектеримди жеткирип коюуңузду өтүнөм",- деп жазылат төраганын телеграммасында.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/275135

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.