Ошто экстремизмге жана терроризмге каршы иш чара болуп өттү

  17.06.17   10:10
 59

Ош шаарындагы Курманжан Датка кичи районунда "Биз экстремизм жана терроризмге каршыбыз" аттуу жыйын болуп өттү. Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.

Аталган жыйындын алкагында Ош шаарынын Ак-Буура чыгыш хатибиятынын баш имам хатиби Мурзакул Осмонов экстремизм жана терроризмди ислам дини айыптаарын айтып, жаштарды терс диний агымдардан оолак болууга чакырды.

Ошондой эле учурда шаардык казыят укук коргоо органдары жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен тыгыз кызматташып жаткандыгын айтып, коомчулукка туура жолду көргөзүүдө талыкпаган эмгектерди жасоо керектигине токтолду. Ал эми укук корго органдары жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү коомчулук арасында түшүндүрүү жана агартуу иштерин күчөтүү зарылдыгына токтолушту.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/275137

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.