Жай мезгилинде бетке туура кам көрүүнүн жолдору

  17.06.17   12:06
 348

Кыш мезгилинде адамдын териси сууктан, шамалдан, абанын кургашынан, температуранын дароо төмөндөп, күн нурунун жетишсиздигинен жабыркаса, жайында баары тескерисинче. Жай мезгилинде температуранын жогору болуусу, нымдуулуктун күч алышы, интенсивдүү күндүн нуру негативдүү фактор болуп саналат. Мунун баары, теринин майлуулугун жогорулатып, тер клеткаларын кеңейтип, тердөөнү күчөтүп, күнгө күйүүгө жана кара тактардын пайда болуусуна алып келет. Андыктан айлана-чөйрөнүн негадивдүү көрүнүштөрүнөн териңизди сактоо үчүн ага кам көрүү зарыл. Бетке кам көрүү төмөнкүлөрдү талап кылат:

  1. Бетти тазалап туруу
  2. Күндүзгү бет майды сүйкөнүү жана макияж жасоо
  3. Кошумча кам көрүү
  4. Жай мезгилинде айрым нерселерди колдонуудан баш тартуу
  5. Салон процедуралары
  6. Күндөн коргонуу

Бетти тазалап туруу.

Бетке кам көрүүнүн бирден-бир негизги этаптарынын бири-бул тазалап туруу. Жок дегенде бетти күнүнө эки жолу тазалап туруу керек. Эртең менен кечинде. Бирок жайдын аптаптуу күндөрүндө майлуулук жана тердөө жогору болгондуктан бет бир нече жолу тазалоого муктаж. Эгерде жууп алууга мүмкүндүк болбогон шартта, атайын салфеткаларды тоник же минералдык сууларды колдонсоңуз болот. Тазалап алган соң бетти жумшартуучу кремден өтө көп эмес сүйкөп, макияж жасап алыңыз.

Күндүзгү бет май сүйкөнүп, макияж жасоо.

Жай мезгилинде бетке жеңил гана макияж жасоо керек. Маселен, кышкысын бетти сууктан коргоо үчүн сыворотка, крем, тоналдык крем сүйкөп, үстүнөн упа жаап ала турган болсоңуз, жайкысын жумшартуучу крем сүйкөп анын үстүнөн бир гана үбөлөнгөн упаны жаап алсаңыз бетиңиз сизге рахмат айтат. Болбосо жөн гана ВВ крем же SPF флюидин колдонуңуз. Анткен макияж канчалык калың болсо май жана тер бездеринин иштөөсү ошончолук активдешет. Териси кургак жана нормалдуу айымдар жайында эмульсия жана флюид колдонсо болот. Ал эми майлуу жана айкалышкан беттер үчүн гелдерди, жөнгө салып туруучу сывороткаларды, бетти жылтыратпай туруучу эмульсия колдонуу сунуш кылынат. Жайкы кремдин курамы бир гана жумшартуучу, гиалурон кислотасынан, коллаген компонентинен турбастан, антиоксиданттардан С жана Е витаминдеринен туруу керек. Бул терини күн нурунан сактан, картайтуудан алдын алат.

Кошумча кам көрүү.

Жылдын башка мезгилине салыштырмалуу жайында бат-баттан бетке пилинг жасап туруу абдан маанилүү. Айрыкча жаш, айкалышкан жана майлуу терилер үчүн өтө зарыл. Ал эми бет териси өтө сезгич, куперозго жөндөмдүү болгон айымдар жайында антикупероздук каражаттарды көбүрөөк колдонуусу керек. Маселен, гель, сыворотка жана маска. Алар бир гана терини жумшартып, коргоп турбастан кан тамырларды бекемдейт турган, кызарууну төмөндөткөн жана шишиктерди алдын ала турган компоненттерге ээ болуусу керек. Жаш, айкалышкан жана майлуу тери ээлери жайкысын тазалоочу масканы көп колдонсо болот. Маселен, ылай маскасы майлуулукту азайтып, тердөөнү төмөндөтөт. Ал эми көйгөйлүү терилер үчүн сезгенүүгө каршы маскалар сунуш кылынат. Жаш өзгөчөлүгүнө жана терисинин түрүнө карабастан жайкысын жумшартуучу маска колдонуу бардык айымдарга сунуш кылынат. Мындай масканы тери нымдуулукту жоготуп, суунун жетишсиздигин жоюу зарылдыгы келип чыкканда, комфорт жана жакшы келбетке ээ болуу үчүн колдонулат. Ошондой эле күндөн коргонуучу көз айнекти унутпаңыз. Күндөн көзүңүз уялган сайын, бетиңизди тырыштырып-бырыштырып жатып, бет бырыштарын пайда кылып аласыз.

Жай мезгилинде айрым нерселерди колдонуудан баш тартуу.

Жайында бетке кам көрүүдө кислота жана ретинол колдонуу сунуш кылынбайт. Алар теринин күн нурун сезгичтигин күчөтөт. Мындай каражаттарды дайыма колдонууга болбойт. Тыныгуу кылып туруу керек. Ал тыныгууну жай мезгилине пландасаңыз жакшы болот. Эгерде жай мезгилине колдоно турган болсоңуз төмөнкү эрежелерди сактооңуз зарыл.

  1. Кислота каражаттарын кечинде гана колдонуңуз.
  2. Күндүз SPF жогору болгон бет май сүйкөнүңүз.
  3. Курс башталаарда жана аяктагандан кийин эки жума кун нурунан алыс болуңуз.

Салон процедуралары.

Жай мезгилинде салан процедурасы өтө аз жасалат. Биринчиден, адамдар эс алуу үчүн деңизге, көлгө же тоого кетишет. Экинчиден, химиялык пилинг, лазердик кам кам көрүү сыяктуу агрессивдик процедуралар адистер тарабынан сунуш кылынбайт.

Күндөн коргонуу.

Жайында бетке кам көрүүнүн эң маанилүү ыкмасы, күндөн коргонуу. Териңизди күндөн коргоо үчүн жайында SPF бет майын колдонуңуз. Бул сиздин бетиңизди зыяндуу күн нурунан сактоого жардам берет. Аптаптуу ысыкта көчөдө жүрүп келгенден кийин, душка түшүп, бетиңиздеги SPF кремди жакшылап, кетире жууңуз. Андан соң бетиңизди эс алдырып, жумшартуучу бет май сүйкөнүңүз. Колдон келсе SPF каражатын колдонгондон кийин сүйкөөчү бет майды алыңыз.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/275138

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.