Президент медициналык жардам берүү системасын өнүктүрүүнү тапшырды

  17.06.17   12:21
 31

Бүгүн, 17-июнда мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев өлкөнүн саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекет башчысына калкка көрсөтүлүп жаткан медициналык кызматтын сапатын жакшыртуу, анын жеткиликтүү болушун камсыз кылуу, тактап айтканда мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн долбоорлорун ишке ашыруу аркылуу диализдик кызматтын калкка жеткиликтүү болушун камсыз кылуу туурасында маалымат берилди.

Талантбек Батыралиев президентке ошону менен бирге өлкөдө жаңы медициналык мекемелердин курулуштарынын жүрүшү, ооруканаларды куруу, ремонттоо жана модернизациялоо боюнча мындан аркы пландары жөнүндө айтып берди.

Президент Алмазбек Атамбаев саламаттыкты сактоо тармагында реформаларды натыйжалуу ишке ашыруунун маанисин баса белгилеп, медициналык жардам берүү системасын мындан ары өнүктүрүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/275139

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.