Депутаттар мамлекеттик маанидеги документтерди чыгаруу коопсуздугун талкуулашты

  17.06.17   12:28
 113

Кечээ, 16-июнда "Кыргызстан" парламенттик фракциясынын жыйынында "Мамлекеттик маанидеги документтердин чыгарылышы, коопсуздугу жана мамлекеттик үлүшү бар типографияларды натыйжалуу башкаруу жана өнүктүрүү" жөнүндө маселе талкууланды.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун төрагасы Болсунбек Казаковдун айтымында, мамлекеттик маанидеги бланктардын бир бөлүгү республика аймагында, дагы бир бөлүгү (паспорт, акча) чет өлкөлөрдө басылып чыгат. Учурда өкмөт "Учкун" ААКнын базасында "Гознак" мамлекеттик ишканасын түзүү тууралуу маселени караштырып жатат.

Мамлекеттик каттоо кызматынын төрага орун басары Дастан Догоев, 2018-жылдын мартына чейин жете турган мамлекеттик маанидеги бланктар бар экенин, республикага 3 миллион бланк алып келүүгө багытталган Түштүк Кореянын 7 млн 460 миң АКШ доллары өлчөмүндөгү гранты жөнүндө маалымдады.

Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов ИИМдин тиешелүү бланктарды басып чыгара турган басмаканасы бар экенин, ага катуу эсеп-кысап жүргүзүлөөрүн белгиледи.

Талкууда депутат Таалайбек Масабиров мектеп окуу китептерин чыгарууга тендер өткөрүү маселесине, жеңүүчүлөрдү аныктоо критерийлерине кызыкты. Ал эми депутат Нурбек Алимбеков болсо зарыл болгон мамлекеттик бланктардын баарын республика аймагында басып чыгаруу үчүн өкмөттү "Гознак" мамлекеттик ишканасын түзүүнү тездетүүгө чакырды. Бишкекте болгон басмакана жабдууларын көрүп чыгуу үчүн көчмө жыйын уюштуруу маселесин депутат Кубанычбек Нурматов сунуш кылды.

Фракция лидери Алмазбек Баатырбеков укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө кайрылып, тендер өткөрүүдө көптөгөн мыйзам бузуулар болуп жаткандыгын белгиледи. Ал тендер өткөрүүнүн жүрүшү боюнча видео жазууларды тыкыр иликтөө зарылдыгын күч органдарына багыттады.

"Чечим коллективдүү кабыл алынууда, бирок комиссиянын айрым мүчөлөрү өз сунуштарын жылдырууда",- деди депутат.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/275140

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.