Бишкекте көп кабаттуу үйлөрдүн биринен өрт чыкты

  17.06.17   12:36
 101

Бишкектин Киев көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдүн батирлеринин бири толугу менен өрттөнүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 16-июндан 17-июнга оогон түнү, саат 1.15 чамасында Киев көчөсүндө жайгашкан 11 кабаттуу үйдүн 7-кабатынан өрт чыккан. Кырсык катталган жерге барган куткаруучулар өрттү саат 3.00дө толук өчүрүшкөн. Үйдүн 12 тургуну эвакуацияланган.

Жабыр тарткандар жок, өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/275141

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.