Жер казынасын пайдалануу комитетинин иши жетишээрлик эмес деп табылды

  17.06.17   12:43
 57

16-июнда вице-премьер-министр Жеңиш Разаков, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетиндеги жемкордук системасын демонтаждоо боюнча кылдат иштелип чыккан планын ишке ашыруу боюнча жумушчу жыйын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Жеңиш Разаков жемкордук учурлары өлкөнүн мамлекеттик бийлик органдарынын милдеттерин талаптагыдай иштөөсүнө жана аткаруусуна тоскоол болуп жаткандыгын баса белгиледи.

Коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн антикоррупциялык саясат секторунун башчысы Белек Ахметов маалымдагандай, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетиндеги коррупцияга каршы күрөшүү иш чараларынын планы 2014-жылдын 6-февралында Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин жумушчу тобу тарабынан бекитилген (буга чейин Геология жана минералдык ресурстар мамлекеттик агенттигинин коррупцияга каршы планы) анын ичинде 47 антикоррупциялык иш чаралардын планы камтылган.

Андан кийин план 2016-жылдын 1-июнунда Коргоо кеңеши тарабынан актуалдаштырылып, андан 8 ишке ашырылган иш чаралар алынып салынган.

Коррупцияга каршы иш чараларды иш жүзүнө ашыруу планына мониторинг жүргүзүүдө 39 иш чаранын 10 (26%) аткарылганы, 20 (51%) жарым жартылай аткарылганы жана 9 (23%) аткарылган эместиги белгилүү болду.

"Аны менен бирге белгилеп кете турган нерсе 39 антикоррупциялык иш чаранын 29 аткаруу мөөнөтү өтүп кеткен. Кээ бир иш чаралардын мөөнөтү жарым жылдан ашык убакыттар бери аткарылган эмес", – деди Белек Ахметов.

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Дүйшөнбек Зилалиев коррупцияга каршы планды ишке ашыруу статистикасына башка мамлекеттик органдарынын аткаруу пункттары терс таасирин тийгизгенин билдирди.

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинде деталдаштырылган планды ишке ашырууда башка мамлекеттик органдар менен биргеликте маалыматтардын базасын уюштуруу иштери начар болгонун баса белгиледи.

"Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетиндеги коррупциялык системаларды жок кылууга багытталган иш чаралардын планы ишке ашырылбай калууда же органдардын биргеликте иш алып барбаганынан улам жарым-жартылай ишке ашырылган бойдон калууда. Көрсөтүлгөн маалымат коррупцияны жоюуга карата жүргүзүлгөн иштердин начар экендигин далилдеп турат", – деди Жеңиш Разаков.

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин иши боюнча жыйындын соңунда комитеттин иши жетишээрлик эмес деп табылды.

Ошондой эле Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин статс-катчысы Айбек Асановго коррупцияга каршы күрөшүүдө иш чаралардын планын убагында аткарбагандыгы жана анын мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу, эскертүү жарыялоо тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине сунуш киргизүү чечими кабыл алынды.

Мындан сырткары Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин жетекчилигине, бөлүм башчыларына жана структуралык бөлүмдөрүнө коррупциялык иш чаралардын планын ишке ашырууну начар аткаргандыгы үчүн катуу дисциплинардык чараларды көрүү тапшырылды.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/275142

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.