Бишкектин 2 тургуну уурулукка шектелип кармалды

  17.06.17   12:57
 95

Сокулук районунун милиция кызматы 21 жаштагы А.А. жана 22 жаштагы Ч. П. аттуу Бишкектин 2 тургунун кармады. Бул тууралуу Чүй облустук ИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Гавриловка айылынын тургуну апрелде үйүнө ууру киргендиги тууралуу милицияга арыз менен кайрылган. Алар үй ээсинин алтын зер буюмдарын, видеокамерасын,компьютерин жана 10 миң долларын алып кеткен.

Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, кармалган адамдар камакка алынып, учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/275145

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.