Баткенден ажылык сапарга баруучуларга сабактар башталат

  19.06.17   08:51
 58

Баткен облусунун мусулмандар казысы Муса ажы Жолдош Баткен облусунун борбордук мечитинде ажылык сапарга баруучулар менен жолугушту. Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.

Улуу ажылык сапарына бара жаткан жарандар менен болгон жолугушуу алгач Баткен облусундагы ажыларды коштоп баруучу ажы башчыларды тааныштыруу менен башталып, ажылар 49 жуптан болуп бөлүнүшүп, ажы башчылардын тизмелерине катталышты. Андан соң облус казысы болочок ажыларга улуу сапар боюнча маалымат берип, Жараткан Алла Тааланын үйүн зыярат кылууда Сауд Араб Падышачылыгынын жана Кыргызстандын мыйзамдарын так сактоого чакыруу менен аман-эсен барып келүүлөрүн тилеп дуба кылды.

Ал эми ажы башчы Ибрахим кары Баширов өз тобундагы ажыларга жакынкы күндөрдөн тарта сабактар башталаарын айтып, ар бир ажыга баруучу жаран сабактарга өз убагында келүү менен ажылыктын тартиптерин так үйрөнүп алууну суранды.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/275147

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.