Текебаев шайлоого катышуу үчүн документтерин БШКга тапшырды

  19.06.17   09:00
 82

"Ата Мекен" партиясынын лидери президенттикке өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен катышат. 18-июнда Текебаевдин ишенимдүү өкүлдөрү шайлоого тиешелүү документтерин БШКга тапшырды. Бул тууралуу анын ишенимдүү өкүлү, Канатбек Азиз билдирди.

"Биз, Өмүрбек Текебаевдин ишенимдүү өкүлдөрү президенттикке талапкерлерден алдын ала алынуучу документтерди Боршайкомго тапшырдык. Мурда "Ата Мекен" партиясы Текебаевди президенттикке талапкер кылып көрсөткөн. Ошентсе да, Өмүрбек Чиркешовичтин жеке чечими менен ал Баш мыйзамдагы укугун пайдаланып, өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен шайлоого катышмакчы. БШК Өмүрбек Текебаевдин документтерин алганы тууралуу кагаз жүзүндө бекемдеди",- деди ал.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/275148

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.