Баткенде экстремизм жана терроризмге каршы түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

  19.06.17   11:03
 41

"Экстремизм жана терроризм - бул Ислам эмес". Мына ушундай аталышта Баткенде калк арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.

Аталган темада облус казысы Муса ажы Жолдошов жергиликтүү тургундарга баяндама жасап, элди өз ара ынтымакка, достукка чакыруу менен салттуу Ислам динин бекем кармоого, туура эмес агымдардан алыс болууга чакырды. Ал эми облус казысынын орун басары Нурдин ажы Мамасабиров "Нумани" борбордук мечитинде баяндама жасап, коомчулукту терс диний агымдардан оолак болууга үндөдү.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/275150

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.