Атамбаев Ангела Меркелге көңүл айтты

  19.06.17   11:10
 79

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Германиянын мурдагы Федералдык канцлери Гельмут Кольдун кайтыш болгондугуна байланыштуу Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык канцлери Ангела Меркелге көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

"Германия Федеративдүү Республикасынын мурдагы Федералдык канцлери, дүйнөлүк масштабдагы чыгаан саясатчы Гельмут Кольдун дүйнөдөн кайткандыгы тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Гельмут Коль бириккен Германиянын калыптанышына жана өнүгүшүнө, Европанын чыңдалышына зор салым кошкон, ошол эмгеги менен өз элинин гана эмес, бүт дүйнө элдеринин терең урматтоосуна татыган.

Кыргыз Республикасынын элинин атынан жана өз атымдан Сизге, жалпы Германия элине, Гельмут Кольдун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам. Орду толгус оор жоготуунун аза кайгысын тең бөлүшөбүз",- деп белгиленет мамлекет башчысынын телеграммасында.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/275152

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.