Сауд өнүктүрүү фонду 16 мектептин курулушун каржылайт

  19.06.17   11:20
 75

Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитети КР Өкмөтү менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы насыялык келишимди дароо эле үч окууда жактырды.

Өкмөттүн маалыматына караганда, бул каражатка 16 мектеп курулат. Инвестициялык каржынын жалпы көлөмү 30 млн доллар (2 млрд 10 млн сом), үстөгү 1 пайыз, төлөө мөөнөтү 25 жыл.

Комитет мүчөлөрү Мамлекеттик курулуш агенттигине каражатты өз багытында жана сарамжалдуу пайдалануу, бир типтеги мектеп имараттарынын долбоорун иштеп чыгуу тапшырмасын берди.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/275153

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.