Түндүк-түштүк альтернативдүү жолуна жол акы төлөмү киргизилет

  19.06.17   11:50
 76

Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитети КР Өкмөтү менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы түндүк-түштүк альтернативдүү автожолунун курулушун каржылоо боюнча насыялык келишимди жактырды.

Транспорт жана жолдор министрлигинин өкүлүнүн айтымында, түндүк-түштүк автожолундагы 24 чакырым жолдун курулушун каржылоо максатында, Сауд өнүктүрүү фондунан 20 млн доллар өлчөмүндө жеӊилдетилген насыя алынууда. Насыяны төлөө мөөнөтү 25 жыл, пайыздык үстөгү 1 пайыз. Бул участок 2-категориядагы жол болуп саналат.

Андан сырткары, кыргыз тарап түндүк-түштүк автожолуна алынган насыялык каражаттарды 2023-жылдан тарта төлөй баштап, ал 2042-жылы аяктоого тийиш экени белгилүү болду. Транспорт жана жолдор министрлиги мындай төлөм мамлекеттик бюджетке анчалык деле күч келтирбейт. Азыр бул жолго жол акы төлөмүн киргизүү маселеси да каралууда.

Эске салсак, түндүк-түштүк автожолунун жалпы узундугу 433 чакырым. Ушу тапта 74 чакырым жолдун курулушунун каржы булагы табыла элек. Жол 2020-жылы ишке киргизилет, ал эми 2022-жылы толугу менен кабыл алынмакчы. Жолдун кепилдик мөөнөтүнөн мурда бузулган жана сапаты начар жерлери подрядчиктин эсебинен калыбына келтирилүүгө тийиш.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/275155

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.