Атамбаев: Коопсуздукту камсыз кылуу чаралардын комплексин ишке ашыруу зарыл

  19.06.17   13:15
 34

Бүгүн, 19-июнда мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин катчысы Темир Жумакадыровду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Өлкөнүн президенти тарабынан кол коюлган мыйзамга ылайык, Коопсуздук кеңешинин Кыргыз Республикасынын конституциялык түзүлүшүн, суверенитетин, көзкарандысыздыгын жана аймактык бүтүндүгүн азыркы замандын көйгөйлөрүнөн жана коркунучтарынан коргоого, өлкөнү узак мөөнөттүү перспективага туруктуу өнүктүрүүнү камсыз кылууга багытталган тышкы жана ички саясаттагы маселелер боюнча чечим иштеп чыгуу бөлүгүндөгү ыйгарым укуктары күчөтүлгөн.

Президент Алмазбек Атамбаев өлкөнүн улуттук коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чаралардын комплексин толугу менен сапаттуу ишке ашыруу зарыл экендигин белгилеп, азыркы замандын көйгөйлөрүн жана коркунучтарын эске алуу менен Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын натыйжалуу ишин камсыз кылуу тапшырмасын берди.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/275156

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.